Баткенде бала бакчанын 4 кызматкери оор абалда ооруканага түштү

0
1561

Баткен облусунун Кадамжай районунун Абдыкадыр Орозбеков айылындагы “Баластан” балдар бакчасынын 4 кызматкери ботулизм оорусу менен ооруканага түштү.Бул тууралуу Салам Медиага Баткен райондор аралык санэпид көзөмөл борборунун дарыгери Рахат Маджитова билдирди.

Дарыгердин айтымында кызматкерлер 21-ноябрда түшкү тамактануу учурунда, үй шартында консервацияланган салат жешкен. Салатты бала бакчанын ашпозчусу үйүнөн алып келгени аныкталган.

Кызматкерлер ошол эле күндүн түнү,ашказан оору, кусуу, баш айлануу, алсыроо сыяктуу белгилер менен ооруканага кайрылышып, баарынын абалы начарлап, Кадамжай райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Дарыгерлер алардан ботулизм оорусун аныкташкан.

Учурда бейтаптардын абалы орто оор деп маалымдашты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here